Башкы беткеМаданиятКыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа боюнча жыйынын өткөрөт

Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа боюнча жыйынын өткөрөт

Иш-чараны Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги менен ТМУнун Катчылыгы уюштурду.

Жыйынга Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышты. Ал түрк мамлекеттеринин медиа тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, маалымат жана контент алмашууну кеңейтүү, журналисттердин кесиптик байланыштарын чыңдоо боюнча демилгелерди сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстанга Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын журналисттери үчүн уюштурулган таанышуу сапарлары тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Салкын Сарногоева ТМУга мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга активдүү катышуусу жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктарды жайылтууда маанилүү болгонун да айтты.

Жыйындын соңунда тараптар коммюникеге кол коюшту. Ошондой эле Кыргызстан 2027-жылы ТМУнун медиа жана маалымат маселелери боюнча 9-жыйынын жана тиешелүү жумушчу топтун 14-жыйынын өткөрөрү маалымдалды.

Кыргызстан маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиасабаттуулукту жогорулатуу жана жалган маалыматтарга каршы күрөшүү багытындагы иштерди улантууга даяр экенин ырастады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар