Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкекте ак илбирске арналган интерактивдүү квест өтөт

Бишкекте ак илбирске арналган интерактивдүү квест өтөт

19–25-октябрь күндөрү Бишкектеги “Эмен” паркында ак илбирсти коргоого арналган интерактивдүү AR-квест уюштурулат. Иш-чара Эл аралык ак илбирс күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Snow Leopard Trust уюмунун колдоосу менен өткөрүлөт.

«Global Snow Leopard AR Hunt» деп аталган квестке каалоочулардын баары акысыз катыша алат. Ал үчүн ARLOOPA тиркемесин ачып, картада белгиленген багыт боюнча ак илбирстин издерин ээрчүү керек. Катышуучулар сейилдөө учурунда жапайы жаныбарлардын үч өлчөмдүү моделдерин көрүп, ак илбирс тууралуу аудио маалыматтарды уга алышат.

Ошондой эле каалоочулар виртуалдык ак илбирс менен сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактарга #23for23 хештеги менен жарыялай алышат.

Белгилей кетсек, 23-октябрь — Эл аралык ак илбирс күнү. Бул дата Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан белгиленген. Ак илбирс өлкөнүн улуттук символдорунун бири болуп саналат.

Өткөн жылы башталган #23for23 глобалдык кампаниясынын алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү жаштар, блогерлер, спортчулар жана экологиялык активисттер ак илбирсти коргоого көңүл буруу максатында сейилдөө, чуркоо же тоого чыгуу сыяктуу дене тарбия көнүгүүлөрүнө 23 мүнөт бөлүшкөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар