Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандын Эсептөө палатасы 30 жылдык мааракесин белгиледи

Кыргызстандын Эсептөө палатасы 30 жылдык мааракесин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Ушул мааракеге карата мамлекеттик резиденцияда салтанаттуу иш-чара өтүп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Ал Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин мааракеси менен куттуктады.

Адылбек Касымалиев мамлекеттик каражаттарды эсепке алуу жана алардын натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөө өлкөнүн экономикасы өнүккөн сайын өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.

Иш-чарада ал Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун да окуп берди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда Эсептөө палатасы өлкөдө мамлекеттик аудит жүргүзүүдө жана финансылык тартипти камсыз кылууда маанилүү орунду ээлери белгиленген. Ошондой эле Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашканы мамлекеттик каражаттарды пайдалануудагы жоопкерчиликти күчөтөрү айтылган.

«Бөлүнгөн ар бир сом элге кызмат кылышы керек. Мамлекеттик аудиттин башкы милдети дал ушунда», — деп белгиленген куттуктоодо.

Президент мамлекеттик аудит бюджеттик каражаттардын кайда жумшалганын текшерүү менен гана чектелбестен, алардын мамлекетке жана элге кандай натыйжа алып келгенин да баалашы керектигин белгилеген. Аудиттин сунуштары иш жүзүндө аткарылып, мамлекеттик башкаруунун сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүшү зарыл.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын, аудиторлордун объективдүүлүгүн жана кесиптик принциптерин сактоонун маанилүүлүгүнө токтолгон.

Куттуктоодо мамлекеттик аудитте бузууларды аныктоо менен катар алардын алдын алууга, тобокелдиктерди эрте аныктоого жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо зарылдыгы белгиленген.

Мамлекет башчысы Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин тажрыйбасына жана кесипкөйлүгүнө ишеним билдирип, алдыда турган милдеттерди татыктуу аткарарына үмүт арткан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар