Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Самаркандда АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушту

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 19-октябрда Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушту. Тараптардын сүйлөшүүсү АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланып жаткан «С5+1» форматындагы жолугушуулардын алкагында өттү.

Самаркандда АКШ менен Борбор Азиянын беш мамлекетин — Кыргызстанды, Казакстанды, Өзбекстанды, Тажикстанды жана Түркмөнстанды бириктирген «С5+1» форматындагы жолугушуу өтүүдө.

Күн тартибинде соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, коопсуздук, энергетика жана сейрек кездешүүчү минералдар тармагындагы кызматташтык маселелери бар.

Сапардын алкагында Өзбекстанга америкалык ишкерлердин 200дөн ашуун өкүлү да барат. Мындан тышкары, АКШ менен Өзбекстандын Ишкердик жана инвестиция кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу пландалган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар