Бүгүн, 19-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Эсептөө палатасынын ардагерлерин жана кызматкерлерин маараке менен куттуктап, мамлекеттик финансылык көзөмөлдү камсыз кылуудагы мекеменин маанилүү ролун белгиледи.
«Рынок мамилелери өнүккөн сайын финансылык операциялар татаалдашып, ар бир сомдун эсебин алуу жана аны натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө өзгөчө мааниге ээ болууда. Бүгүн биз үч он жылдык бою дал ушул жооптуу миссияны аткарып келе жаткан өлкөбүздүн Эсептөө палатасынын 30 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз», — деди Адылбек Касымалиев.
Салтанатта ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун да окуп берди.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунда Эсептөө палатасынын тарыхы Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы өнүгүүсү менен тыгыз байланышта экени белгиленген. Бүгүнкү күндө мекеме мамлекеттик аудитти жүргүзүү жана финансылык тартипти камсыз кылуу жаатында маанилүү институт болуп саналат.
Куттуктоодо өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин көлөмү 1 триллион сомдон ашканы белгиленип, мамлекеттик каражаттарды пайдалануудагы жоопкерчиликти мындан ары жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурулган.
«Бөлүнгөн ар бир сом элге кызмат кылышы керек. Мамлекеттик аудиттин башкы милдети дал ушунда», — деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.
Ошондой эле мамлекеттик аудит бюджеттик каражаттардын кайда жумшалганын текшерүү менен гана чектелбестен, алардын мамлекетке жана жарандарга кандай натыйжа алып келгенин аныктоого тийиш экени белгиленген.
Аудиттин натыйжалуулугу мамлекеттик башкаруудагы конкреттүү өзгөрүүлөр менен бааланып, берилген сунуштар иш жүзүндө аткарылышы зарыл. Муну менен катар Эсептөө палатасынын көз карандысыздыгын, аудиторлордун объективдүүлүгүн жана кесиптик принциптерин сактоо өзгөчө мааниге ээ.
Президенттин куттуктоосунда мыйзам бузуулардын кесепеттерин жоюу менен гана чектелбестен, алардын келип чыгуу себептерин алдын ала аныктоого жана тобокелдиктерди азайтууга багытталган аудит системасын өнүктүрүү зарылдыгы да белгиленген.
Мамлекет башчысы өлкөнүн экономикасы өнүгүп, бюджеттик мүмкүнчүлүктөр кеңейген сайын Эсептөө палатасынын алдында жаңы милдеттер пайда болорун белгилеп, мекеменин кызматкерлери топтолгон тажрыйбасынын жана кесипкөйлүгүнүн аркасында бул милдеттерди татыктуу аткарарына ишеним билдирген.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 30 жылдык мааракеси мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн өнүгүү жолун жыйынтыктап, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу боюнча алдыдагы милдеттерди белгилеген маанилүү иш-чара болду.



