Башкы беткеПрезидентКыргызстан solo-саякат үчүн дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

Кыргызстан solo-саякат үчүн дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

Кыргызстан Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Прензиденттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, эл аралык рейтингде өлкөлөрдүн туристтер үчүн коопсуздугу, жаратылышы, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана өзгөчө маршруттары эске алынат.

Дайырбек Орунбеков белгилегендей, Кыргызстандын мындай жыйынтыкка жетишине өлкөдөгү туруктуулук, коопсуздук шарттарынын жакшырышы, инфраструктуранын өнүгүшү жана эл аралык деңгээлде таанылуу аракеттери өбөлгө түзүүдө.

Анын пикиринде, мурда Кыргызстан эл аралык коомчулукта саясий туруксуздук жана экономикалык кыйынчылыктар менен көбүрөөк байланышып келсе, бүгүн өлкө кооз жаратылышы, меймандостугу жана саякат үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанылып жатат.

Кыргызстандын тоолору, көлдөрү жана кайталангыс жаратылышы чет өлкөлүк саякатчыларды кызыктырган негизги артыкчылыктардын бири болуп саналат. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу эл аралык иш-чаралар өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга салым кошуп келет.

Орунбековдун белгилешинче, бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөнүн жана туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттыруунун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар