Башкы беткеКоомБишкекте Швейцариянын жана Кыргызстандын оркестрлери марш-парад өткөрдү

Бишкекте Швейцариянын жана Кыргызстандын оркестрлери марш-парад өткөрдү

18-октябрда Бишкекте Швейцариянын La Landwehr de Fribourg оркестри менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын оркестри биргелешкен марш-парад өткөрдү.

Музыкалык жүрүш Эркиндик бульварынан башталып, Улуттук тарых музейинин жанында аяктады. 1804-жылы негизделген швейцариялык оркестр Кыргызстанга алгачкы жолу келди.

Иш-чара «Коммерциялык Банк КСБ» ЖАКтын жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду. Ага Швейцариянын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы жана оркестрдин президенти Пьер-Андре Паже катышты.

Сапардын алкагында 21-октябрда Кыргыз улуттук консерваториясында мастер-класс өтөт. Ал эми 22-октябрда саат 19:00дө Опера жана балет театрында «Эки тоолуу өлкөнүн обону» аттуу концерт уюштурулуп, анда кыргызстандык жана швейцариялык музыканттар биргелешип өнөр көрсөтөт.

Иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар