17–18-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо С. Жуманазаров атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жеңил атлетика боюнча ачык биринчилиги өттү.
Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан келген 200дөн ашуун жаш спортчу катышты. Алар 2009–2010, 2011–2012 жана 2013–2014-жылдары туулган үч жаш курактык топко бөлүнүп, 60, 100, 200, 300 жана 400 метрге чуркоо, узундукка секирүү боюнча күч сынашты.
Мелдештин максаты — жаштар арасында жеңил атлетиканы өнүктүрүү, келечектүү спортчуларды аныктоо жана алардын чеберчилигин жогорулатуу.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлеген спортчулар медалдар, грамоталар жана кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Биринчиликти Бишкек шаардык мэриясы, Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана С. Жуманазаров атындагы спорт мектеби уюштурду.



