19-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын Аял парламентарийлер тобунун V жыйыны өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекова катышты.
«Аялдар жана маданий дипломатия: тил жана орток салттар аркылуу биримдикти бекемдөө» темасына арналган жыйында түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, жалпы тилдик жана маданий мурасты сактоо, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Медина Кайрылбекова орток мурастарды сактоодо жана кийинки муунга өткөрүп берүүдө аялдардын ролу чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, аялдар эне тилди, улуттук маданиятты, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана салттарды сактоо менен катар маданий диалогду өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого да салым кошуп келишет.
Депутат аял парламентарийлердин кызматташуусу маданият жана тил жаатындагы демилгелерди колдоого, чыгармачыл жана ишкер аялдардын байланыштарын кеңейтүүгө, билим берүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө өбөлгө болорун айтты.
Жыйынга Казакстандын Курултайынын депутаты Айжан Темербаева төрайымдык кылды. Ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Тамам Жафарова, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Зейнеп Йылдыз жана ТҮРКПАнын башкы катчысынын орун басары Бектур Базакечов сөз сүйлөштү.
Жыйындын жүрүшүндө орток тарыхты жана маданий баалуулуктарды сактоо, аялдардын коомдогу ролун арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралып, күн тартибиндеги бир катар чечимдер кабыл алынды.



