Кыргызстан 2026-жылдын 15-октябрына карата 2 млрд 922 млн кВт/саат электр энергиясын импорттоду. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясын импорттоонун жылдык планы 4 млрд 999 млн кВт/саатты түзөт. Ал эми 15-октябрга карата 2 млрд 957 млн кВт/саат импорттоо пландалган. Иш жүзүндө пландан 35 млн кВт/саатка аз электр энергиясы алынган.



