Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан Boeing учактарын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргызстан Boeing учактарын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

19-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуу «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстандын авиакомпанияларына Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн жана жарандык авиация жаатындагы кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды даярдоо, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын катышуусу менен каржылоо шарттары, учактарды техникалык тейлөө жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар