19-октябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү.
Жыйында сыйлыктын лауреаттарын аныктоо, конкурска сунушталган эмгектер жана жаштардын ар түрдүү тармактардагы жетишкендиктери каралды.
Улан Маматканов таланттуу жана демилгелүү жаштарды мамлекеттик колдоо маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, жаш муундун интеллектуалдык, чыгармачылык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Комиссия мүчөлөрү талапкерлердин жетишкендиктерин, чыгармачыл эмгектерин жана тиешелүү тармактардын өнүгүшүнө кошкон салымын талкуулашты.
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Ал үч жылда бир жолу 11 номинация боюнча ыйгарылат.
Сыйлык адабият, журналистика жана телевидение, музыка, сүрөт искусствосу, архитектура жана дизайн, театр жана цирк, кино, илим жана билим берүү, жаңы технологиялар, экономика жана бизнес, спорт, ошондой эле жаштар саясатын өнүктүрүү багыттарындагы жетишкендиктер үчүн берилет.


