Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Самарканд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушуу «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо маселелери да каралды.

Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Анын ичинде «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашыруу, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүү маселелерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана мурда жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар