Кыргызстандын Эл аралык университетине караштуу Политехникалык колледж Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) курамына өткөрүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, окуу жай Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжи деп аталат. Ошол эле учурда ал юридикалык жак макамын сактап калат.
Бул чечим жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын оптималдаштыруу, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана окуу жайдын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине колледждеги окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, ошондой эле окутуучулар жана башка кызматкерлер менен эмгек мамилелерин мыйзамга ылайык улантуу тапшырылды.
Мындан тышкары, колледждин мамлекеттик мүлкүн, анын ичинде имараттарын, жабдууларын жана документтерин инвентаризациялоо каралган. Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси, 481 дарегинде жайгашкан мүлк инвентаризациядан кийин министрликтин ыкчам башкаруусуна өткөрүлөт.
Ошондой эле 1994-жылдын 11-майындагы Бишкек политехникалык техникумун Эл аралык университетке өткөрүү жөнүндөгү №305 токтом күчүн жоготту деп табылды.



