Башкы бетке∅Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү ачылат

Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү ачылат

2026-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Виктор Арнольдович Шестопалдын чыгармачылыгына арналган «Эргүүнүн жана искусствого берилгендиктин кылымы» аттуу юбилейлик көргөзмө ачылат.

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы саат 14:00гө белгиленген. Экспозиция 8-ноябрга чейин уланат.

Виктор Шестопал — Кыргызстандагы монументалдык скульптуранын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон белгилүү чебер. Ал Курманжан датканын, Александр Пушкиндин жана Константин Скрябиндин эстеликтерин жаратууга, ошондой эле «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин көркөм жасалгасына авторлош катары катышкан.

Көргөзмөнүн алкагында скульптордун «Согуш балдары», «Эне», «Ата», «Оо, Жараткан, бул жерге тынчтык бер» аттуу эмгектерин, белгилүү инсандардын рельефтик портреттерин жана «Муундардын кыялы» чыгармасын көрүүгө болот.

Юбилейлик көргөзмө искусство сүйүүчүлөрүнө скульптордун бай чыгармачылык мурасы менен жакындан таанышууга, анын эмгектерин баалоого жана кыргыз көркөм өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Өткөрүлүүчү күнү: 2026-жылдын 23-октябры – 8-ноябры

Ачылышы: саат 14:00

Өткөрүлүүчү жайы: Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи

Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү, 196

Искусство сүйүүчүлөрү жана шаар тургундары юбилейлик көргөзмөгө келип, белгилүү скульптордун чыгармачылыгы менен таанышууга чакырылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар