Башкы беткеКоомБишкек ЖЭБинде 259,6 миң тонна көмүр бар

Бишкек ЖЭБинде 259,6 миң тонна көмүр бар

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп жатат. 20-октябрга карата станциянын кампасында 259,6 миң тонна көмүр топтолгон.

Маалыматка ылайык, учурда ЖЭБдин орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын өндүрүү көлөмү суткасына 3,851 млн кВт/саатка, ал эми жылуулук энергиясын берүү 2,4 миң гигакалорияга жетти.

Станцияда жалпы 15 казан агрегаты, кайчылаш байланыштагы 7 турбоагрегат жана №3, №4 эки энергоблок бар.

20-октябрга карата үч казан агрегаты, эки турбоагрегат жана №3, №4 энергоблок иштеп жатат. Дагы үч казан агрегаты жана үч турбоагрегат оңдоодо турат. Ал эми тогуз казан агрегаты менен эки турбоагрегат резервде.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар