Кыргызстанда жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 2026-жылдын 1-октябрына карата 324 млрд сомго жетти. Анын 293,1 млрд сому банктардан тышкары, калктын колунда болсо, 30,9 млрд сому коммерциялык банктардын кассаларында сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, экинчи чейректин аягында жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 317 млрд сомду түзгөн. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 11,2 пайызга же 29,6 млрд сомго өскөн.
Үчүнчү чейректе коммерциялык банктардын кассаларына жалпы 1,87 трлн сом накталай акча түшкөн. Бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 пайызга көп. Банктардын кассаларынан берилген накталай акчанын көлөмү 1,88 трлн сомду түзүп, жыл ичинде 25,2 пайызга көбөйгөн.
Айлар боюнча алганда, июлда банктардын кассаларына 688,2 млрд сом түшүп, 701,3 млрд сом берилген. Августта бул көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 579,4 млрд жана 581,4 млрд сомду түзгөн. Сентябрда кассаларга 603,6 млрд сом түшүп, 600,7 млрд сом берилген.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, үчүнчү чейректин жыйынтыгында коммерциялык банктардын кассаларына накталай акчанын кайтарымдуулугу 99,4 пайызды түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка жогору.



