Ош шаарынын прокуратурасы 2025-жылдан бери ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарынын сакталышы боюнча алты текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында 27 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.
Прокуратуранын маалыматына караганда, мыйзам бузууларды жоюу үчүн беш сунуштама киргизилип, анын негизинде беш кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Текшерүүлөр майыптыгы бар адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалануу, социалдык колдоо алуу, билим берүү жана медициналык тейлөө кызматтарына жеткиликтүүлүк, ошондой эле тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү маселелерине көңүл бурулат.
Ош шаарынын прокуратурасы жарандардын укуктарын коргоо жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча көзөмөл иштерин улантарын билдирди.



