Башкы беткеКоомОкуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептери басылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептери басылды

Табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 миң 430 нуска иш дептери басылып чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-класстын окуучулары үчүн «Табигый илимдер» предмети боюнча кыргыз тилинде билим алган окуучуларга 88 миң 505 нуска, орус тилинде билим алган окуучуларга 56 миң 175 нуска даярдалган.

Мындан тышкары, 8-класстын окуучулары үчүн «Математика» предмети боюнча орус тилдүү класстарга 93 миң 750 нуска иш дептери басылып чыккан.

Басылып чыгарылган окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар