Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак айыл аймагында айыл чарба жарманкеси уюштурулду.
Жарманкеде жылкынын эти жана башка айыл чарба азыктары базар баасынан арзан сатылды.
Мындай жарманкелер жергиликтүү тургундарды сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында ар шейшемби сайын Кочкор айылынын борбордук автобекетинде өткөрүлүп турат.



