Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап чыкты. Бүгүн жаңы унаанын бет ачары өтүп, университеттин жамаатына тааныштырылды.
Маалыматка ылайык, бул ЖАМУда жасалган алгачкы электромобиль. Студент адегенде долбоор даярдап, аны университеттин жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин унааны кураштыруу иштери башталган.
Жаңы электромобилдин негизги өзгөчөлүгү — электр энергиясы менен иштеши жана күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги. Эми унаа университетке келген конокторду окуу жайдын аймагында ташуу үчүн колдонулат.
Жаш ойлоп табуучунун эмгегин жогору баалаган университет жетекчилиги анын тажрыйбасын арттыруу максатында Кытайдагы автоунаа чыгаруучу ишканаларга алып барууну пландап жатат.
Белгилей кетсек, электромобилди жасап бүтүрүү үчүн университет тарабынан 280 миң сом бөлүнгөн. Бул долбоор студенттердин техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана инновациялык демилгелерди колдоого багытталган иштердин бири болуп саналат.



