Башкы беткеКоомКыргызстанда жаңы конуштарды газдаштыруу эки жылга токтотулат

Кыргызстанда жаңы конуштарды газдаштыруу эки жылга токтотулат

Кыргызстанда жаңы конуштарды газдаштыруу эки жылга токтотулатКыргызстанда 2027–2028-жылдары жаңы конуштарды жана айылдарды газдаштыруу пландалган жок. Бул тууралуу парламентте «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.

Анын айтымында, буга эки негизги себеп бар. Биринчиси — Казакстанда ири магистралдык газ түтүгү курулуп жатат. Анын курулушун 2028-жылы аяктоо пландалууда.

Экинчиси — борбор калаанын түштүк-батыш тарабында жайгашкан «Маловодное» газ бөлүштүрүүчү станциясы реконструкцияланат. Модернизациядан кийин станциянын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн саатына 10 миң куб метрден 80 миң куб метрге чейин көбөйтүү каралган.

«2027–2028-жылдары бардык инвестициялык каражаттар ушул станцияны реконструкциялоого жумшалат», — деди Алдаяров.

Ошол эле учурда 2026-жылы Новопокровка айылында газ түтүктөрүн куруу аяктап, тургундарга газ бериле баштаган.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 44 пайызды түздү. Газ тармактарына 462 миң абонент кошулган. Жыл башынан бери 70 чакырымдан ашык газ түтүгү курулуп, дагы 13 миң абонент газ менен камсыз болду.

Быйыл өлкөдө жаратылыш газын керектөө 570 млн куб метрге жетери күтүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар