Түндүк — түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» тоннели 1-ноябрдан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, чектөө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилүүдө. Учурда тоннель күн сайын саат 06:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Тоннелдин кайра ачыла турган күнү азырынча белгисиз.



