Президент Садыр Жапаров алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер талкууланган республикалык кеңешмеде ишкерлердин кызыкчылыгын эске алган тең салмактуу салык саясаты жүргүзүлөрүн айтты.
Мамлекет башчысынын белгилешинче, санариптик системаларды киргизүү аркылуу ишкерлер менен салык органдарынын түз байланышы жоюлат.
Ошондой эле кайра инвестицияланган пайдага, кошумча наркы жогору продукция чыгарган жана аны технологиялык жактан терең кайра иштеткен ишканаларга, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ишканаларга салык салуу эрежелери жеңилдетилет.
Президент бул чаралар салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.



