Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров: Үй-бүлөнүн бакубаттуулугу мамлекеттин ийгилигин аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири болот

Садыр Жапаров: Үй-бүлөнүн бакубаттуулугу мамлекеттин ийгилигин аныктаган көрсөткүчтөрдүн бири болот

Үй-бүлө жана балдарды колдоо мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” республикалык кеңешмеде белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, ар бир бала коопсуз жана бакубат чөйрөдө чоңоюп, ар бир үй-бүлө келечегине ишенимдүү карашы керек. Бул үчүн үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана улуттук руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

Президент үй-бүлөлөргө, анын ичинде социалдык жактан аялуу катмарга колдоо үй-бүлөнүн социалдык паспорту аркылуу көрсөтүлөрүн белгиледи. Анын алкагында салыктык жеңилдиктерди берүү, турак жай-коммуналдык кызматтар үчүн даректүү жардам көрсөтүү, жөлөкпулдарды төлөө жана балдарды билим берүү мекемелериндеги, мектептен тышкаркы ийримдерге жана секцияларга тартуу каралган.

Ошондой эле 2050-жылга чейин адамдык потенциалды өнүктүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү пландалууда. Анын негизги максаты — адамдын төрөлгөндөн тартып, билим алып, кесипке ээ болуп, үй-бүлө куруп, карылыкка жеткенге чейинки жашоо этаптарында өз убагында колдоо көрсөтүү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров сапаттуу билим берүүнүн маанисине токтолуп, ар бир бала мектепке чейинки курактан тартып, мектепте жана кесиптик окуу жайларында татыктуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигин айтты.

«Билимдүү калк өлкөнүн бакубаттуулугунун жана өнүгүүсүнүн негизги ресурсу болуп кала берет», — деп белгиледи президент.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар