Жакынкы 5 жылда маданият тармагын өнүктүрүүгө жаңы дем берип, бардык аймактар камтылат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” республикалык кеңешмеде белгиледи.
Президенттин белгилөөсүндө, 2030-жылга чейин көп функционалдуу 30 «Маданий Ордо» борборун жана 30 заманбап музыкалык мектепти куруу мерчемделүүдө. Жыл сайын кеминде 50 маданият мекемеси капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен камсыздалат.
“Жаштарды маданий жактан тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулат. «Келечек» программасынын алкагында мектеп окуучулары жана студенттер театрларга, музейлерге жана китепканаларга үзгүлтүксүз баруу үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.
Биз өз тарыхын билген, эне тилинде эркин сүйлөгөн, улуттук маданиятын жана баалуулуктарын урматтаган, ошол эле учурда дүйнөлүк маданияттан толук кабардар болгон муунду тарбиялоого милдеттүүбүз.
Кыргыз тилиндеги контентти кеңейтебиз, кыргыз адабияты менен дүйнөлүк адабияттагы белгилүү чыгармаларды басып чыгарабыз, кино жана аудиовизуалдык продукцияларды которууну, ошондой эле «Санарип Мурас» платформасы аркылуу маданий мурастарды санариптештирүүнү өнүктүрөбүз.
Маданият улуттук иденттүүлүктү жана муундар ортосундагы байланышты бекемдеген мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири бойдон калат”, – деди Президент.



