Башкы беткеПрезидентМедицина тармагы олуттуу өзгөрөт

Медицина тармагы олуттуу өзгөрөт

Саламаттык сактоо системасын олуттуу түрдө чыңдап, жарандардын жашаган жерине карабастан медициналык жардам алуусу камсыз кылынат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров “Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө” республикалык кеңешмеде белгиледи.

Президенттин айтымында, медициналык кызматтын сапаты эл аралык стандарттарга ылайык жогорулайт.

“Тармакка инновациялар жана санариптик технологиялар кеңири киргизилет. Натыйжада, оорулардын баштапкы профилактикасына жана аларды эрте аныктоого, кадрдык потенциалды чыңдоого жана системанын инфратүзүмүн күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Медициналык тез жардам кызматы өлкөнүн бардык аймактарында ыкчам жана үзгүлтүксүз иштеши керек. Ооруканалар заманбап медициналык жабдуулар, ал эми саламаттык сактоо мекемелери жогорку квалификациялуу дарыгерлер жана медициналык кадрлар менен камсыз болушу керек”, – деди Садыр Жапаров.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар