Башкы беткеПрезидентЖалал-Абад облусунун бюджети төрт жылда 4,5 эсеге өстү

Жалал-Абад облусунун бюджети төрт жылда 4,5 эсеге өстү

Жалал-Абад облусунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 4,4 эсеге өстү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолукканда билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2021-жылы облустун бюджети 2 млрд 630 млн сомду түзсө, 2025-жылга 11 млрд 490 млн сом өлчөмүндө бекитилген.

“2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен кошумча каржылоону эске алганда, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө 39 млрд 268 млн сом багытталган, анын ичинде 27 млрд 778 млн сом кошумча каражат болгон. 2026-жылы облустун бюджети 5 млрд 569 млн сом өлчөмүндө бекитилип, тогуз ай ичинде республикалык бюджеттен 12 млрд 757 млн сом бөлүнгөн”, – деди Садыр Жапаров.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар