Башкы беткеПрезидентСузакта Кара-Дарыянын жээгине 8,8 чакырымдык коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди

Сузакта Кара-Дарыянын жээгине 8,8 чакырымдык коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Дарыянын оң жээгине узундугу 8,8 чакырым болгон коргоочу дамба куруу зарылдыгы белгиленди. Долбоор ишке ашса, райондун алты айылындагы 580 турак үйдү, беш социалдык объектти жана 680 гектар айыл чарба жерин коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул маселе райондогу актуалдуу көйгөйлөрдүн бири катары белгиленди.

Ошол эле учурда Сузак районунда акыркы жылдары социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу иштери жүргүзүлүүдө. 2021–2026-жылдары райондо 25 мектеп жана 12 бала бакчаны кошкондо, жалпысынан 60 социалдык жана инфраструктуралык объект пайдаланууга берилген.

Өнөр жай тармагында да бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Атап айтканда, 880 миллион сом инвестициянын эсебинен 70 жумуш орду каралган гипсокартон чыгаруучу заводдун курулушу жана 225 миллион сом инвестиция тартылып, 30 жумуш орду түзүлгөн мунайды кайра иштетүү ишканасынын долбоору ишке ашырылган.

Инфраструктураны жакшыртуу багытында көрсөтүлгөн мезгилде 305,8 чакырым жол асфальтталып, 137 чакырым тротуар төшөлгөн. Мындан тышкары, 49 чакырым суу түтүгү жана 28 чакырым канализация тармагы тартылган.

Учурда райондо «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу, «Жалал-Абад» эл аралык аэропорту, Сузак айылындагы муниципалдык базар жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы мал базары сыяктуу ири объектилердин курулушу уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар