Башкы беткеКоомӨлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттары үч миңге жакын

Өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттары үч миңге жакын

Кыргызстандын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жаңы электрондук реестрин түзүүнү аяктады. Ачык базага өлкөдөгү 2 миң 959 басылма тууралуу маалымат киргизилди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы реестр бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Ал аркылуу ЖМКны каттоого документтерди тапшыруудан мурда анын тандалган аталышы мурда катталган-катталбаганын текшерүүгө болот.

Мындан тышкары, ЖМКларды мамлекеттик каттоо тартиби жаңыланды. Эми каттоо жөнүндө күбөлүк электрондук форматта берилип, аны Юстиция министрлигинин расмий сайтынан көчүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жаңы эрежелерге ылайык, жалпыга маалымдоо каражатын кайра каттоо уюштуруучусу же аталышы өзгөргөн учурда гана талап кылынат. Башка маалыматтар өзгөрсө, бул тууралуу министрликке 30 календардык күндүн ичинде билдирүү зарыл.

Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрү кыскартылды. Реестрге маалыматтарды киргизүү мурдагы жети жумушчу күндүн ордуна үч жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Ал эми реестрден көчүрмө берүү мөөнөтү жети жумушчу күндү түзөт.

Жаңы электрондук реестр Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтомун ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн. Аталган токтом менен жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндөгү жобо бекитилген.

Реестрге жана каттоонун жаңыланган эрежелерине шилтемелер Юстиция министрлигинин расмий Telegram-каналында жарыяланган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар