Токмок шаарындагы жетим балдар үйү кыргыз элинин алгачкы интеллигенция өкүлдөрү тарбияланып чыккан тарыхый жайлардын бири. 2026-жылдын октябрь айында Президент Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен Токмоктогу бул тарыхый балдар үйүнүн имаратын ар тараптуу калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлдү.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев маалымдагандай, тарыхый архитектуралык имаратты кылдат реставрациялоо менен бирге, анын чектеш аймагында заманбап «Акылман» президенттик мектебин куруу да пландалууда. Бул мамлекеттик деңгээлдеги изги демилге өткөндүн баалуу руханий мурасын сактоо менен чектелбестен, аны келечек муундун сапаттуу билим алуусуна, эстетикалык жана руханий жактан өсүп-өнүгүүсүнө кызмат кылдырууга багытталган өтө маанилүү тарыхый кадам катары бааланууда.
1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү, кандуу үркүн окуясынан соң Токмоктогу балдар үйү жетим калган, каралашар кишиси жок балдар үчүн кадимкидей куткаруучу калканыч жана үмүт жарыгын берген баш калкалоочу жайга айланган. Алар бул жерден баш калкалоо менен гана чектелбестен, сабатсыздыкты жоюуга, билим алууга жана келечекке умтулууга биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышкан.
Токмоктогу балдар үйүнүн тарыхый улуулугу дал ошол куттуу босогодо тарбияланып, кийин улут сыймыгына айланган инсандардын өмүр жолу аркылуу даана көрүнөт. Алардын арасында кыргыз адабиятынын алтын казынасын түптөгөн залкар акын Алыкул Осмонов, көрүнүктүү акын жана чебер котормочу Абдрасул Токтомушев, таанымал жазуучу жана прозаик Саткын Сасыкбаев, кыргыз тил илимин жаңы деңгээлге көтөргөн белгилүү окумуштуу Болот Юнусалиев жана мамлекеттик ишмер Болот Мамбетов бар. Бул залкар инсандар кийин ар башка тармактарда эмгектенип, кыргыз коомунун маданий, илимий жана мамлекеттик көз карандысыз өнүгүүсүнө зор салым кошушкан.
Кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун өмүр жолу балалыктагы оор сыноолор менен жокчулук адамдын келечегин биротоло аныктап же чөгөрүп койбой турганын далилдеген эң таасирдүү мисалдардын бири. Ал ата-энесинен абдан эрте ажырап, балалык чагын жетимдер үйүндө өткөргөн. Токмоктогу балдар үйүндө өткөргөн жылдары анын өмүр баянындагы, аруу дүйнөсүнүн калыптанышындагы маанилүү мезгилдердин бири болгон. Кийин ал өзүнүн талыкпас эмгеги жана тубаса таланты менен кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу акын, драматург жана чебер котормочу катары улуттук сөз өнөрүнүн чокусуна көтөрүлгөн.
Улуу акындын балалык чагы өткөн, анын туңгуч кыялдары байырлаган бул тарыхый жайды сактоо анын өмүр баянынын маанилүү барактарын жана кыргыз адабиятынын тарыхындагы өзгөчө доорду кийинки келечек муунга калыбында жеткирүү дегенди билдирет.
Токмоктогу балдар үйүнүн дагы бир белгилүү жана сыймыктуу тарбиялануучусу Абдрасул Токтомушев. Ал кыргыз поэзиясына жана котормо өнөрүнө байкаларлык салым кошкон таанымал акын, чебер журналист жана редактор катары белгилүү. Анын чыгармачылыгында кыргыз элинин турмуш-тиричилиги, адам тагдырынын калыс көрүнүшү, коомдук өзгөрүүлөр жана ал доордун өзгөчөлүктөрү жогорку көркөмдүктө чагылдырылган. Токтомушевдин адабий мурасы кыргыз жазма адабиятынын өнүгүү жолундагы өзүнчө бир маанилүү көрүнүш.
Бул тарыхый жайдын тарбиялануучуларынын арасында Саткын Сасыкбаевдин да ысымы сыймык менен аталат. Ал жазуучу, прозаик, акын, публицист жана котормочу катары кыргыз прозасынын өнүгүшүнө өзүнүн байкаларлык салымын кошкон. Анын чыгармаларында кыргыз элинин жашоосу, эмгек адамдарынын карапайым турмушу жана заман өзгөрүүлөрү реалдуу чагылдырылган. Жазуучунун бай адабий мурасы кыргыз прозасынын жана публицистикасынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта каралат.
Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган көрүнүктүү инсандардын дагы бири Болот Юнусалиев. Ал кыргыз тил илиминин пайдубалын түптөп, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү окумуштуу, залкар түрколог, академик, филология илимдеринин доктору жана профессор болгон. Ошондой эле ал Кыргыз ССРинин Агартуу министри жана Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалап, Ата мекендик билим берүү тармагында да унутулгус эмгек сиңирген.
Болот Юнусалиевдин илимий ишмердиги кыргыз тилин системалуу изилдөө, анын фонетикалык, грамматикалык түзүлүшүн жана тарыхый өнүгүү этаптарын илимий негизде үйрөнүү менен тыгыз байланыштуу. Ал азыркы кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири катары калыс бааланат. Мындан тышкары, ал улуттук сыймыгыбыз болгон «Манас» эпосун илимий жактан изилдөөгө жана сактап калууга зор салым кошкон. Анын фундаменталдуу эмгектери кыргыз тилинин байлыгын, тарыхын жана өзгөчөлүктөрүн терең таанып-билүүгө кенен жол ачкан.
Ал эми Болот Мамбетовдун өмүр жолу Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган инсандардын мамлекеттик башкаруу тармагындагы ээлеген ордун көрсөтөт. Ал советтик мезгилде Кыргыз ССРинин көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмери катары таанылып, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин Төрагасы деген жогорку кызматты узак жылдар бою аркалаган.
Болот Мамбетовдун мамлекеттик ишмердиги Кыргызстандын советтик доордогу саясий, социалдык жана коомдук тарыхы менен ажырагыс байланыштуу. Анын өмүр баяны Токмоктогу балдар үйүнүн тарбиялануучулары кийин бир гана адабият менен илимде эмес, мамлекеттик тутканы кармап, башкаруу тармагында да ийгиликтүү иш алып барганын айгинелеп турат.
Бул инсандардын ар башка тагдырын бириктирген башкы жагдай алардын ар бири өз тармагында талыкпай эмгектенип, коомго, мамлекетке зор салым кошкондугунда. Алардын бири көркөм сөз аркылуу элдин руханий дүйнөсүн байытса, экинчиси тил илимин өнүктүрүп, эч кимге алдырбаса, экинчиси мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган. Ушул багыттардагы айырмачылыктарга карабастан, алардын өмүр жолдору билимдин, талыкпас эмгектин жана адамдык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга туура шарт түзүүнүн маанисин эске салып турат.
Тарыхый жайды реставрациялоо
Ошол эле учурда бул тарыхый жайдын маанисин аты аталган беш белгилүү ысым менен гана чектөө таптакыр туура эмес. Балдар үйүндө тарбияланган ар бир баланын өзүнчө бир тагдыры, үмүтү, арманы жана аруу кыялы болгон. Алардын айрымдары кийин кеңири таанылып, тарыхта аты калган болсо, башкаларынын өмүр жолу тууралуу маалыматтар архивдерде сакталып калган болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жайдын тарыхын ар тараптуу изилдөө, архивдик документтерди кайрадан чогултуу жана мурдагы тарбиялануучулар жөнүндө маалыматтарды алуу максатында Чүй облусунун архивдик башкармалыгына жана Токмок аймактык мамлекеттик архивине кайрылдык. Бирок, тилекке каршы, керек болгон маалыматтарды ала албадык.
Токмоктогу балдар үйүн калыбына келтирүү демилгеси тарыхый мааниге ээ. Имаратты реставрациялоо менен катар анын бай тарыхын чагылдырган интерактивдүү музей же маданий-билим берүү борборун түзүү келечекте көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анда тарбиялануучулардын сейрек сүрөттөрүн, кол жазмаларын, китептерин, архивдик документтерин жана алардын өмүр жолун баяндаган баалуу материалдарды жайгаштырууга болот. Мындай иш тарыхый мурасты сактоо менен бирге, жаштарга өткөндү терең таанып-билүүгө сонун шарт түзмөкчү.
Мындан тышкары, бул тарыхый жайда адабий кечелерди, илимий жолугушууларды, ачык тарых сабактарын жана жаштар үчүн агартуучулук иш-чараларды туруктуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү ачылат. Алыкул Осмоновдун чыгармаларын талкуулоо, Болот Юнусалиевдин тил илимине кошкон салымын таанытуу, Абдрасул Токтомушев менен Саткын Сасыкбаевдин адабий мурасын изилдөө аркылуу жаштардын китепке, илимге жана улуттук маданиятка болгон кызыгуусун артырууга болот.
«Акылман» лицейинин пайда болушу өткөн менен келечектин ортосунда символикалык бекем байланышты түзөт. Бир кезде оор турмуштук шарттарда жашаган балдарга билим алууга мүмкүнчүлүк берген жайдын жанында жаңы муундун жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган мектептин курулушу билим берүүнүн коом үчүн өчпөс маанисин эске салып турат.
Албетте, имаратты калыбына келтирүүдө анын тарыхый-архитектуралык өзгөчөлүгүн сактоо биринчи орунда турушу керек. Реставрация иштерин жүргүзүүдө тиешелүү архивдик материалдарга таянуу, тарыхчылардын, архитекторлордун жана адистердин пикирлерин эске алуу, имараттын баштапкы көрүнүшү тууралуу маалыматтарды тактоо зарыл. Тарыхый жайдын башкы мааниси анын сырткы көрүнүшүндө гана эмес, ал байланышкан окуяларда жана адамдардын тагдырларында жатат.
Бүгүнкү коом үчүн бул тарыхый окуянын дагы бир маанилүү сабагы бар. Ага өз убагында билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, жөндөмүн ачууга жардамдашуу, адамдык камкордук көрсөтүү жана коомго аралашуусуна шарт түзүү аркылуу анын тагдырына оң таасир этүүгө болот. Жаш муундун тарыхый аң-сезимин калыптандыруу үчүн мындай касиеттүү жайлардын орду өзгөчө чоң. Улуттук тарыхты, адабиятты жана маданий мурасты түздөн-түз таанып-билүү, тарыхый инсандардын өмүр жолун изилдөө өзгөчө мааниге ээ. Тарыхый жайлар бул багытта китептеги кургак маалымат менен чыныгы турмуштун ортосунда байланыш түзүп, жаштарга өткөндү тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
Тарыхты сактоо эски имараттарды оңдоо менен эле бүтүп калбайт. Ал ошол жерде жашаган адамдардын тагдырын, алардын талыкпас эмгегин жана коомго кошкон баа жеткис салымын унутпай, кийинки муунга жеткирүү аркылуу уланат. Токмоктогу жетим балдар үйүнүн тарыхын кайра жандандыруу демилгесинин негизги маңызы да ушунда. Бул жайды сактоо кыргыз интеллигенциясынын башаттарын эскерүү, улуттук мураска урмат көрсөтүү жана келечек муунга билим менен үмүттүн күчүн жеткирүү дегенди билдирет.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу».



