Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында ири жапон компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү, инвестиция тартуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Кейданрен бизнес федерациясынын Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы, Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Такеси Хасимото баштаган ишкерлер катышты.
Тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да токтолушту. Жапон ишкерлери Кыргызстанда өндүрүлгөн сурьма менен кремнийди сатып алууга кызыкдар экенин билдиришти. Ошондой эле тоо-кен тармагында иштеген JKII компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы меморандумга кол коюу жараянын тездетүү маселеси каралды.
Марлен Маматалиев Toyota компаниясынын расмий борборун Кыргызстанда ачуу сунушун айтып, жапон компанияларынын жетекчилерин өлкөгө иш сапары менен келүүгө чакырды.
Жолугушууда ал Кыргызстандын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, акыркы беш жылда өлкөнүн экономикасынын жылдык өсүшү 9 пайыздан төмөн болгон эмес. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өсүш дээрлик 12 пайызга жеткен.
Төрага чет өлкөлүк инвесторлор үчүн туруктуу жана ачык шарттарды түзүүгө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү ири рынокторго чыгууга мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Мындан тышкары, курулуп жаткан «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолу жаңы эл аралык транспорттук коридорлорду түзүүгө өбөлгө болору белгиленди. Ушуга байланыштуу жапон компаниялары логистикалык борборлорду, кургак портторду жана заманбап терминалдарды курууга катышууга чакырылды.
Марлен Маматалиев Mitsui O.S.K. Lines компаниясынын эл аралык жүк ташуу жаатындагы тажрыйбасын белгилеп, Жапониянын Транскаспий багытындагы пилоттук ташууларына Кыргызстан аркылуу өтүүчү каттамдарды кошууну сунуштады.
Ошондой эле энергетика, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү, агроөнөр жайына заманбап технологияларды киргизүү, IT тармагын өнүктүрүү жана Кыргызстанда медициналык шаарча түзүү боюнча долбоорлорго жапон компанияларын тартуу маселелерин көтөрдү.
Төрага президент Садыр Жапаровдун Жапонияга расмий сапарынын алкагында өткөн кыргыз-жапон бизнес-форумунда энергетика, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм жана санариптештирүү тармактарында 20дан ашык документке кол коюлганын эске салды. Ал жетишилген макулдашууларды конкреттүү долбоорлорго айландыруу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу ушул жылдын июль айында күчүнө киргенин айтып, инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга жетишүү маанилүү экенин кошумчалады.
Өз кезегинде Такеси Хасимото өткөн жылы «Борбордук Азия + Жапония» форматындагы саммиттин алкагында уюштурулган бизнес-форумга катышып, аймактын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышканын билдирди. Ал жолугушууда айтылган маалыматтар жапон ишкерлери үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, жапон компанияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын энергетика, логистика жана тоо-кен тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чараларына кызыгышты.
Белгилей кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Эркинбек Осоев да катышты.



