Башкы беткеКоомГүлчөдө сел жүрүп, 25 үйдүн короосун суу каптады

Гүлчөдө сел жүрүп, 25 үйдүн короосун суу каптады

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө шаарында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларга зыян келтирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 27-апрелде кыска убакытта кокту-колоттон келген сел 25 үйдүн короосун каптап, бир үйдүн ичине чейин кирген.

Учурда Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Айгай” режими жарыяланып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок, абал туруктуу. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырып, тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталып жатканын эскертти.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар