Башкы беткеМаданият“Жибек Жолунун төрүнөн” даректүү тасмасынын бет ачары өтөт

“Жибек Жолунун төрүнөн” даректүү тасмасынын бет ачары өтөт

30-апрелде Бишкек шаарында «Beyond the Silk Road» («Жибек Жолунун төрүнөн») аттуу даректүү тасманын расмий бет ачары өтөт. Иш-чара Манас кинотеатрында саат 18:30да башталат.

Бул ири кино долбоор Кыргызстандын маданий, тарыхый жана табигый мурасын эл аралык аудиторияга таанытууга багытталган. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2026-жылдын 25-февралында Лондондогу белгилүү кинотеатрда өтүп, жогору баага ээ болгон.

Бишкектеги бет ачар кызыл килем, расмий ачылыш аземи жана тасманын жаратуучулары менен жолугушуу (суроо-жооп сессиясы) менен коштолот.

Тасма көрүүчүлөрдү Улуу Жибек жолунун тарыхый маршруттары боюнча саякатка жетелеп, Бишкек, Ысык-Көл, Сары-Челек, Таш-Рабат жана Торугарт ашуусу сыяктуу кооз аймактарды камтыйт.

Долбоордун автору — саякатчы жана Royal Geographical Society уюмунун мүчөсү Александра Толстая. Тасмада белгилүү актёрлор Доминик Уэст жана Кларк Питерс тартылган. Режиссеру — Шон Макдоннелл, ал эми продюсерликти Blink Films компаниясы жана «Эл Айым» коомдук фонду ишке ашырган.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кинематография департаменти жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар