Бүгүн, 29-апрелде Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий иш сапарынын алкагында Мамлекеттик бажы кызматында болду.
Ведомстводон билдиришкендей, конокко Кыргызстандын бажы тармагындагы реформалардын жыйынтыктары тааныштырылды. Алар жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле санариптик чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Делегацияга негизги процесстерди автоматташтырган жана «Бирдиктүү терезе» механизмин өнүктүргөн заманбап маалыматтык системалар көрсөтүлдү. Натыйжада, 2025-жылы автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2020-жылга салыштырмалуу 554%га, ал эми бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 654%га өскөнү белгиленди.
Ошондой эле Кырдаалдык борбордун иши тааныштырылып, анда өткөрүү пункттары онлайн көзөмөлдөнүп, ыкчам чечимдер кабыл алынары айтылды.
Того тарап Кыргызстандын санариптик тажрыйбасын жогору баалап, аны өз өлкөсүндө колдонууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар мындан ары да санариптештирүү багытында кызматташууну улантууга макулдашты.


