Башкы беткеПрезидентПрезидент “Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент “Менин үйүм” турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизди

Президенти Садыр Жапаров «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду.

Документ турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүүгө жана жарандардын жеңилдетилген шартта турак жай алуусун кеңейтүүгө багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык,  “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын”(МИК) турак жай фондун түзүүгө катышкан мамлекеттик органдар жана ведомстволор кызматкерлери үчүн турак жай алууда артыкчылыкка ээ болот.

Алар үчүн батирлерге квота белгиленет:

    • Бишкек шаарында – 10%га чейин;
    • региондордо – 20%га чейин;                
    • Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү (жетим балдар) артыкчылыктуу категорияга киргизилди;

Ошондой эле программа кеңейтилди. Ага ылайык, эми каражатты турак жай сатып алууга гана эмес, капиталдык оңдоого же үйдү кеңейтүүгө да колдонууга болот.

Арыздарды онлайн – МИКтин сайты, «Түндүк» порталы жана мобилдик тиркемелер аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Эгер баштапкы төлөм жетишсиз болсо, кошумча күрөө берүү же кепилдик фонддордун механизмдерин колдонууга уруксат берилет.

“Топтомо ипотека” багыты боюнча да өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин жарандын колунда 30% каражаты болсо, аны банкка салгандан кийин калган жетишсиз болуп жаткан 20%ын банк 6 айдан кийин берсе, эми жаңы өзгөртүүлөргө ылайык 3 айдан соң алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Күрөө катары төмөнкүлөр кабыл алынат:

  • сатып алынуучу турак жай;
  • жер тилкеси;
  • курулуп жаткан турак жайга болгон укук;

Ошондой эле курулушту тездетүү максатында МИКке жеке өнөктөштөрдү конкурссуз, түз сүйлөшүүлөр аркылуу тартууга уруксат берилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар