Башкы беткеМинистрлер кабинетиКоргоо министрлиги Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлерин куттуктады

Коргоо министрлиги Улуу Ата-Мекендик согуш ардагерлерин куттуктады

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгын утурлай Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жетекчилиги согуш ардагерлерин куттуктады.

Бишкекте жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Михаил Николаевич Сухининди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы — Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Тариэль Отонбаев куттуктап, фронттук баштык жана азык-түлүк топтомун тапшырды.

Өлкө боюнча аскер бөлүктөрүндө жана гарнизондордо Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу жана эскерүү иш-чаралары, анын ичинде гүлчамбар коюу, эрдик сабактары жана ачык эшик күндөрү өткөрүлүүдө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар