Кыргызстанда туризм тармагы акыркы жылдары активдүү өнүгүп, өлкөгө келген туристтердин саны улам көбөйүүдө. Айрыкча чет элдик меймандар тоо туризмине жана Ысык-Көлгө чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат.
Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирип, кыргыз элинин меймандостугу өлкөнүн башкы баалуулуктарынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, келген конокторду жылуу тосуп алып, сапаттуу тейлөө көрсөтүү — Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүүгө чоң салым кошот. Ошол эле учурда айрым учурларда туристтерге карата орой мамиле жасоо же мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары дагы кездешип жатканын белгиледи.
“Мындай көрүнүштөр интернет жана социалдык тармактар аркылуу тез тарап, бүтүндөй өлкөнүн аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан ар бир жаран туристтерге аяр, сылык жана маданияттуу мамиле жасоосу зарыл”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле туристтерге карата басым көрсөтүү, коркутуу же мыйзамсыз аракеттер аныкталса, укук коргоо органдары тарабынан ыкчам жана катуу чаралар көрүлөрү эскертилди.
Дайырбек Орунбеков жарандарды жана туристтик тейлөө тармагында иштеген кызматкерлерди өлкөнүн кадыр-баркын сактоого чакырып, “Өлкөнүн аброю ар бирибиздин мамилебизден башталат” экенин белгиледи.


