Башкы беткеДүйнөТрамп мамлекеттик сапары менен Кытайга келет

Трамп мамлекеттик сапары менен Кытайга келет

Дональд Трамп 13–15-май күндөрү Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен барат. Бул сапар Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча ишке ашары маалым болду.

Сапардын жүрүшүндө Дональд Трамп менен Си Цзиньпин Иран маселеси, Тайвань, жасалма интеллект жана өзөктүк курал боюнча маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле тараптар стратегиялык мааниге ээ минералдар боюнча келишимди узартуу мүмкүнчүлүгүн да карашат.

Буга чейин Ак үйдүн маалымат катчысы Каролайн Ливитт Дональд Трамп 14–15-май күндөрү Бээжинге барып, Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу өткөрөрүн билдирген. Ал ошондой эле жыл соңуна чейин Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп Вашингтондо Си Цзиньпинди жана анын жубайы Пэн Лиюанды жооп сапар менен кабыл аларын кошумчалаган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар