Башкы беткеМаданият«Музейлер түнү – 2026»: мыкты образдар сынагы өтөт

«Музейлер түнү – 2026»: мыкты образдар сынагы өтөт

16-май күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Музейлер түнү – 2026» маданий иш-чарасынын алкагында чыгармачыл сынак өтөт.

Иш-чарада катышуучулар дүйнөлүк живопись жана искусстводон шыктанган образдарды жаратып, белгилүү сүрөттөрдүн каармандары же Ренессанс доорунун стилдерин жандандырып көрсөтө алышат. Сынактын максаты — искусствону жаңыча форматта таанытуу жана көрүүчүлөрдү чыгармачылыкка тартуу.

Катышуу үчүн коноктор атайын костюм менен келип, музей аймагында сторис тартып, Instagram баракчасында @aitievmuseum_ аккаунтун белгилеши керек.

Жеңүүчүлөр саат 21:00дө музейдин экинчи кабатындагы башкы залда аныкталып, мыкты образдарга байгелер тапшырылат.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар