Россиянын Новосибирск шаарындагы “Хилокский” соода борборунун аймагында “Ала-Тоо” аталышындагы кыргыз продукцияларынын дүң жана чекене соода базары ишке берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жаңы соода аянты кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн продукциясын Россиянын Сибирь федералдык округуна кеңири жайылтуу жана сатуу максатында түзүлгөн.
Базардын жалпы аянты 10,7 гектарды түзөт. Анда 7 муздаткыч кампа жана 12 кадимки кампа (жалпы 2100 жана 4400 чарчы метр) иштейт. Ошондой эле 51 мини-склад жана 16 контейнер каралган. Аймакта 450 жеңил унаа жана 400гө чейин жүк ташуучу унаа токтотууга мүмкүнчүлүк бар.
Мындан тышкары, айдоочулар үчүн хостел, миграциялык каттоо жана документтик коштоо кызматтары уюштурулган.
Учурда базар аймагында продукцияны Россия стандарттарына ылайык сертификациялоочу лаборатория түзүлүүдө. Бул кыргыз товарларын “Лента”, “Пятерочка” жана “Ашан” сыяктуу ири соода түйүндөрүнө түз жеткирүүгө шарт түзөт.
Министрлик ата мекендик экспорттоочуларды жана логистикалык компанияларды бул аянтчаны колдонуп, Россия рыногуна чыгууга чакырды.


