Министрлер кабинети өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында мототранспорт каражаттарын пайдаланууга чектөө киргизди. Тиешелүү токтом экосистемаларды коргоо, жаратылыш ландшафттарынын бузулушун алдын алуу жана парк-пляж аймактарына терс таасирди азайтуу максатында кабыл алынган.
Документке ылайык, мототранспорттун кирүүсү жана жүрүүсү өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парк-пляж зоналарында жана жайыттарда чектелет.
Ошол эле учурда корук аймактары аркылуу өткөн автомобиль жолдоруна, ошондой эле биосфералык аймактардын буфердик жана санитардык-коргоо зоналарына бул чектөө тиешелүү болбойт.
Мындан тышкары, кызматтык милдетин аткарып жаткан мамлекеттик органдардын транспортуна, Илимий жана маданий иш-чараларга колдонулган унааларга да уруксат берилет. Алар Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен макулдашылышы керек.
Жергиликтүү тургундардын кубаттуулугу 4 киловатттан ашпаган электр мототранспортун чарбалык максатта колдонушуна да чектөө киргизилбейт.
Жаратылыш ресурстары министрлигине калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жаңы тартиптин аткарылышын көзөмөлдөө тапшырылды.
Токтом 15 күндөн кийин күчүнө кирет.


