Суу ресурстары жана айыл чарба министри Эрлис Ахунбеков россиялык “Машстрой” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда суу чарба инфраструктурасын бекемдөөдө колдонулуучу заманбап технологиялар талкууланды. Компания өкүлдөрү каналдарды, жээктерди жана гидротехникалык объектилерди бекемдөө үчүн пайдаланылуучу бетон полотносунун технологиясын тааныштырышты.
Маалыматка ылайык, бул технология суу жоготууларын азайтып, инфраструктуралык объектилердин туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө макулдашты.


