Башкы беткеМинистрлер кабинетиУлан Маматканов Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту

Улан Маматканов Кытайдын Кыргызстандагы Элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 14-майда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү белгилешти. Буга байланыштуу өнөктөштүктүн негизги багыттарынын бири болгон маданий-гуманитардык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап биргелешкен гуманитардык демилгелерди улантууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Улан Маматканов Кытай Эл Республикасынын делегациясынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусун кубаттады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар