Башкы беткеПрезидентЗардалыда футбол аянтчасы курулду

Зардалыда футбол аянтчасы курулду

Баткен районунун Зардалы айылында заманбап футбол аянтчасы салынды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш президенттик фонддун эсебинен каржыланган. Эки ай мурун Баткен облусунда президенттик фонд тарабынан каржыланган 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Биринчиси бүгүн ачылды. Мындай оюн аянтчалары аймактагы дагы тогуз айылга түшөт:

  • Баткен шаарынын Тамаша-Жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
  • Баткен районунун Бужум айылында;
  • Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
  • Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында.

Белгилей кетсек, мындан ары да өлкө башчысынын колдоосу менен облустун ар бир айылына футбол аянтчасын куруу пландалган.

 

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар