Башкы беткеЭкономика“Tulpar Motors” заводу 4 миңге жакын автоунаа чыгарды

“Tulpar Motors” заводу 4 миңге жакын автоунаа чыгарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Tulpar Motors” ата мекендик автозаводуна барып, өндүрүш процесси менен жеринен таанышты.

Анын айтымында, бул ишкана мамлекет менен жеке сектордун натыйжалуу кызматташуусунун ийгиликтүү мисалы болуп эсептелет. Автоунаа өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган долбоор 2023-жылы башталган.

Бүгүнкү күндө заводдо Chevrolet брендиндеги бир катар жеңил унаалар чогултулууда. Алардын арасында Captiva, Tracker, Onix, Cobalt, Damas, Labo жана Tahoe үлгүлөрү бар. Мындан тышкары, жол тандабас жана жүк ташуучу унаалар да чыгарылып жатат.

Маалыматка ылайык, ишкана негизделгенден бери 3937 автоунаа өндүргөн. Долбоорду ишке ашырууда мамлекет тарабынан жер тилкесин даярдоо, уруксат документтерин алуу, сертификация жана каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Ошондой эле автолизинг программасына 1 млрд сом бөлүнгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар