Бүгүн, Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын делегацияларынын катышуусунда “Жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун чыңдоо боюнча диалог” иш-чарасы өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл катышып, климаттык өзгөрүүлөрдүн аймак үчүн олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгилешти.
Катышуучулар Борбор Азияда мөңгүлөрдүн эриши күчөп, бул суу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка коркунуч жаратып жатканын айтышты. Ушуга байланыштуу калкты климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жана анын кесепеттерин азайтуу чараларын колдонууга үндөө маанилүү экени белгиленди.
Ошондой эле жамааттар тарабынан климатка туруктуу технологияларды колдонуу, коомчулуктун жергиликтүү климаттык аракеттерге катышуусун күчөтүү жана ийгиликтүү демилгелерди кеңейтүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген жергиликтүү жамаат өкүлдөрү климаттык коркунучтарды картага түшүрүү, энергияны үнөмдөөчү насосторду колдонуу, тамчылатып сугаруу системаларын киргизүү, кургакчылыкка туруктуу айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана сугат каналдарын жаңылоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Эскерте кетсек, Улуттук жамааттык демилгелер долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоору болуп саналат. Ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, жалпы координацияны Экономика жана коммерция министрлиги жүргүзөт. Долбоорду ишке ашыруу Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан камсыздалууда.



