19-майда Каракол шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам МИК тарабынан курулган үйлөрдү суу каптаганы боюнча социалдык тармактарда видеолор тараган. Мамлекеттик ипотекалык компания кырсыктын себебин түшүндүрдү.
Маалыматка ылайык, “Хан-Теңири” турак жай комплексинин төрт блогун суу каптаган. Кырсыкка суу аккан түтүктөрдүн жана арыктардын таштандыга толуп калышы себеп болгон. Системаны тазалоо учурунда суунун агымына бөгөт койгон ар кандай таштандылар табылган.
“Катуу жаан учурунда суу ички система аркылуу өз убагында сыртка агып чыга албай, имараттын чатырына топтолгон. Пайда болгон басымдан улам суу артка тээп, чатырга толгон, андан соң айрым батирлердин ичине чейин кирип кеткен. Ошондой эле суунун бир бөлүгү имараттын жер төлөсүнө да аккан”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компания жабыркаган батирлерди калыбына келтирүү иштерин толугу менен өз каражатынын эсебинен жүргүзүлөрүн кошумчалады. Бардык тургундарга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүп, оңдоп-түзөө жумуштары жасалат.
учурда компаниянын кызматкерлери жеринде суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.



