Ысык-Көлдү сактоо үчүн көлдүн тегерегиндеги дыйканчылык тамчылатып сугаруу системасына өткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизиш керек. Ошондо Ысык-Көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө толук кирет. Андан тышкары эс алуу жайларынан, автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууну кайра иштете турган долбоор иштеп жатабыз”, – деди ал.
Министрдин белгилөөсүндө, соңку 10 жылда көлдөгү суунун деңшгээли 47смге төмөндөгөн. Тамчылатып сугаруу ыкмасы экологиялык балансты сактоонун жана көлгө куйган суулардын көлөмүн көбөйтүүнүн натыйжалуу жолу.



