Башкы беткеКоом“Тазалык” ишканасы төрт жаңы кызматтык унаа менен толукталды

“Тазалык” ишканасы төрт жаңы кызматтык унаа менен толукталды

Каракол шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасына төрт жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жаңы техникалардын ачкычын мэрдин орун басары Нурлан Момбеков тапшырып, мекеменин кызматкерлерине ийгилик каалады. Ал шаар тазалыгы шаардын маданиятын жана көркүн чагылдырган маанилүү көрсөткүч экенин белгилеп, коммуналдык кызматкерлердин эмгегин жогору баалады.

Маалыматка ылайык, унаалар ишкананын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында лизинг шарттары аркылуу алынган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар